Кытай Түштүк Кореядан Кыргызстанга келаткан автоунааларды тез өткөрөт

  • 2 года мурун

Кытай өлкөнүн деңиз портторунда турган Кыргызстанга автоунааларды алып келаткан контейнерлерди артыкчылыктуу тартипте өткөрүү чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу 27-декабрда Кытайдын өкмөттүк делегациясынын өкүлдөрү Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолукканда билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, жолугушуу маалында Казакбаев 31-декабрга чейин Түштүк Кореядан автоунааларды алып келаткан контейнерлердин өтүүсүн тездетүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, Кыргызстанга келаткан жүк «Циндао» жана «Ляньюньган» портторунда турат.

Ошол эле маалда министр контейнерлерде кандай үлгүдөгү жана канча автоунаа бар экенин айткан жок.

Казакбаев жолугушууда мындан тышкары «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрмө бекеттери аркылуу жүк ташууну кайрадан көбөйтүү маселесин көтөргөн.

2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Кытайдан Кыргызстанга иморттун көлөмү 57,5% төмөндөгөн. Чек арадан өткөн жүк унааларынын саны 10 эсеге азайган.

Кыргызстан Кытайдан негизинен текстиль товарларын, электроника жана курулуш материалдарын сатып алат. Кытай өндүрүшүндөгү товарлар өлкө базарынын басымдуу бөлүгүн ээлегендиктен, товар алмашуунун азайышы Кыргызстандагы бааларга түздөн-түз таасир этүүдө.

Декабрдын ортосунда Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрмө бекеттери аркылуу күнүнө 125ке чейин жүк унаалары өтүп жатканын билдирген.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты