Кытай менен өз ара маданий борборлорду түзүү макулдашуусу ратификацияланды

  • 6 месяцев мурун

Президент Жапаров «2023-жылдын 18-майында Сиань шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Кытай Өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзама кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Макулдашуу Кытайда кыргыз маданий борборун түзүүнү жана Кыргыз Республикасында кытай маданий борборун түзүүнү караштырат.

19-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо кыргыз-кытай маданият борборлорун түзүүнү үч окуудан бир өткөрүп, жаңылып алган жокпузбу деп күмөн санады.

-Кечээ биз колдоп берген келишимде “Маданий борборлор каада-салттардын жана үрп-адаттардын жоголушуна жана аралашуусуна, этнографиялык, регионалдык айырмачылыктарды жоготууга, диалекттердин ассимиляциясына каршы тура алышат” деп жазылып турат. Сиздер түшүнсөңүздөр мага түшүндүрүп берип койгулачы,-деди Самыйкожо.   

Экинчи негиздемесинде бул жок болуп жатат.  

“16 берененин ичинде сөздөр жазылып жатат. Биз ушунун баарын кантип карабай кое алабыз?  Маданий борборлордун жайларында ар түрдүү билим берүү иш-чараларын өткөрүү аркылуу жиберүүчү тараптын тилин жана маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү деп жатат. Кечээ дагы депутаттар мыйзамдуулугу тууралуу суроо берди, ага да жооп бере алган жок. Биздин маданият менен башка чоң элдердин маданиятын салыштырсак, чоң деңизге бир кружка сууну куйгандай болот. Ал эми бир кружка сууга чоң деңиз келип каптап кеткендей ахвалда калып калбайбызбы деген ой келет, -деди Мирлан Самыйкожо.  

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты