«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» транспорт коридору боюнча жүк поезди каттай баштады

  • 11 месяцев мурун

9-июнда Кытайдын Сиань шаарында Zhejiang Union of Railway Logistics компаниясы «Өзбекстан темир жолдору» жана «Кыргыз темир жолу» ишканалары менен бирге Ланчжоу станциясынан Ташкентке 30 контейнерден турган поезд жөнөттү.

Өзбекстандын транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, поезд «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» мультимодалдык транспорт коридору боюнча жүк ташууну стимулдаштыруу максатында сыноо иретинде ишке кирди.

«Күн батареялары, механикалык жабдуулар, кездемелер жана башка жүктөр жүктөлгөн, жалпы баасы 2,5 миллион АКШ долларын түзгөн жүк поезди Ланчжоу шаарынан Ташкентке 15 күндө келет» деп айтылат маалыматта.

18-майда Кытайдын Сиань шаарында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кийинки кадамдарды караган үч тараптуу документке кол коюлган.

Документке Кытайдын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Өзбекстандын Транспорт министрлиги кол койгон.

Былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты