«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча меморандумга кол коюлду

  • 1 год мурун

Бүгүн, 19-майда Кытайдын Сиань шаарында «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу меморундумга кол коюлду.

Документке Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Өзбекстандын Транспорт министрлигинин өкүлү кол койду.

«Кол коюлган документ «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун курууну ишке ашырууну тездетет«, — деп айтылат маалыматта.

Былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты