Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору: Сузакта туннелдин курулушу башталды   

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев  Сузак районунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун негизги объекттери делген туннелдин курулушунун башталышына арналган иш-чарага катышты. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.  

Бакыт Төрөбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болоорун билдирди. 

“Бул долбоор инфраструктуралык гана мааниге ээ эмес, жашоонун жаңы сапатына, экономикалык өсүшкө, аймактар менен элдердин байланышын бекемдөөгө багытталган жол болуп саналат. Ал соода, инвестиция, өнөр жайды өнүктүрүү жана логистика үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачат, миңдеген жумуш орундарын түзөт жана биздин өлкөлөрдүн экономикасына күчтүү импульс берет”. деди Төрөбаев. 

Ал эми иш-чарага катышкан Кытай жана Өзбекстан элчиликтеринин, ошондой эле үч өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы” биргелешкен ишканасынын өкүлдөрү катышты жана курулуш келечектин курулуш болорун билдирди  

Бул туннелдин жалпы узундугу 12 чакырымды түзөт, ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан башталып, Нарын облусунун Тогуз-Торо районунан бүтөт. Узундугу ушундай эле болгон дагы 2 ири туннелдин курулушу Нарын жана Жалал-Абад облустарында пландалган.

Кыргызстандын аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун жалпы узундугу 300 чакырымдан ашуун аралыкты камтып, курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт.

Өлкөдөгү стратегиялык жана экономикалык мааниге ээ болгон темир жолдун курулушуна 20 миңден ашык адам жумушка тартылат.

Бул темир жолдун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Анткени долбоордун алкагында жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 46 көпүрөнүн жана 27 туннелдин курулушу каралган. Бул жалпы темир жолдун 40%зы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн тургандыгын билдирет.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору: Сузакта туннелдин курулушу башталды   

2024-жылдын 27-декабрында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына старт берилген. Анда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кытай төрагасы Си Цзинпин, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев долбоордун башталышына байланыштуу кайрылуу жасашкан.  

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору: Сузакта туннелдин курулушу башталды   

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты