Спирт ичимдиктерине акциз салыгы жогорулады

  • 1 месяц мурун

2026-жылдын 1-январынан тартып алкоголдук продукцияга колдонулуп жаткан акциз салыгы жогорулады. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 2029-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкаларын этап-этабы менен жогорулатуу каралган.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январынан тартып аракка акциз салыгынын ставкасы литрине 200 сомду түзөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты