Кышка даярдык: Президент кеңешме өткөрдү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, Минкабинет мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана президенттик администрациянын бөлүм жетекчилеринин, тармактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өлкөнүн 2022-2023-жылдарга күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыгы, калкка жана мекемелерге көмүр менен камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кеңешменин катышуучуларына экономика тармактарынын жана калктын күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Садыр Жапаров жылытуу мезгилинде өлкө калкы үчүн көмүрдүн баасынын ашыкча өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ошону менен катар, көмүрдү темир жол транспорту менен ташуу үчүн жеңилдетилген тарифти колдонуу тапшырылды. 

Ошондой эле, алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетикалык объектилерди реконструкциялоо жана куруу иштерин тыкыр көзөмөлгө алууну камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты