«Кыргызжылуулукэнерго» филиалында коррупциялык көрүнүш аныкталды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Чүй облусундагы филиалынын биринин кызмат адамдары тарабынан жасалган  коррупциялык көрүнүштөр аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

От казандардын бирин реконструкциялоо иштеринин сметасы ашыкча бааланып, мазуттун керектөө нормасы жогорулатылганы жана мыйзам бузууларга жол берилгени маалым болду.

Тиешелүү аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында бюджеттик каражаттарды көмүскө жүгүртүүгө чыгаруунун туруктуу мыйзамсыз схемалары тастыкталып, анын кесепетинен мамлекетке 32,9 миллион сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын тактоого, аныкталган коррупциялык схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын, ошондой эле бюджеттик каражаттарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты