«Кыргызтелекомдун» Бишкектеги башкы имараты сатыкка коюлганы айтылды
- 2 года мурун
“Кыргызтелеком” ишканасынын Бишкек шаарынын Чүй жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишкен жериндеги имараты аукцион аркылуу сатыла турганы айтылууда. Бул тууралуу «Азаттык» ишкананын жетекчилигине шилтеме берип, жазып чыкты.
Аталган ишкана имаратты сатуунун негизги максаты – компаниянын ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, чыгымдарды оптималдаштыруу жана өлкөнүн телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуу экениндигин билдирген.
Маалыматта айтылгандай, 16 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеген имарат компаниянын борбордук администрациясынын кеңсеси болуп келген. Учурда бул имараттын 36,6% гана компаниянын керегине иштетилип, калган бөлүгү ижарага берилген, ал эми айрым аянтчалары бош турат. Ишкананын ушул кеңседе иштеген кызматкерлердин саны кыскарып, учурда 315 киши гана иштеп жатканы айтылды.
Компаниянын айтымында, бул имаратты колдонуу компаниянын бюджетине бир кыйла оордук жаратууда, анткени имаратты тейлөө үчүн жылдык чыгымдар капиталдык оңдоолорду эсепке албаганда 20 миллион сомго чамалайт.
«Имаратты All Star көз каранды эмес компаниясы 1 млрд 556 млн 906 миң 868 сомго баалаган. Мыйзам боюнча имарат стратегиялык коопсуздукка жоопкерчилик алуу үчүн мамлекеттик мекемеге гана таандык болушу керек. Мындан улам имарат “Айыл банкка” сатылып, объект мамлекеттин менчигинде калмакчы»,- деп айтылат маалыматта.
Ал эми “Кыргызтелекомдун” кызматкерлери Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Бишкек шаардык байланыш тармактары кеңсесинин имаратына көчүрүлөрү белгилүү болду.
Сүрөт: интернет булактары




