Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө уруксат берүү сунушталды

  • 2 года мурун

15-февралда Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү маселеси каралган “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун автору — Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин пикиринде, бул кадам өлкөнүн автопаркын жаңылоого, сапаттуу автотранспорттун жарандарга жеткиликтүүлүгүн жана ири шаарлардагы экологиялык кырдаалды жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Маматалиев билдиргендей, оң рулдуу унаалар өлкөгө негизинен Жапониядан алып келинет, алардын чыгарылган жылы жана техникалык көрсөткүчтөрү башка өлкөлөрдөн ички рынокко алып келинген сол рулдуу унааларга караганда бир кыйла жакшы.

«Анын үстүнө, “жакшы сакталган” автотранспорт каражаттарын пайдалануу жалпы экологияга жагымдуу таасир этип, көп учурда республикалык маанидеги шаарларда кара түтүн көйгөйүн чечет», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Депутат оң рулдуу унааларды озуп өтүү камерасы (монитору бар) менен сөзсүз түрдө жабдуу шарты менен алып келүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул озуп өтүүдө унааларды көрүү көйгөйүн чечип, жол кырсыктарынын санын азайтат.

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды ташып кирүүгө 2015-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди ошол кездеги бийлик оң рулдуу автоунаалар озуп өтүүдө айдоочунун сол тарабы көрүнбөгөндүктөн унаа кырсыктарына кабылып жатат деп түшүндүргөн.

Коммуналдык жана айыл чарбасы, жол курулушу жана башка максаттар үчүн арналган транспорт каражаттарына тыюуга алынган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты