Кыргызстанга кирүүгө виза жасалмалоо боюнча чет элдик жаран кармалды

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жасалма визаларды даярдоонун белгиленген каналын аныктап, ага бөгөт коюп, 100дөн ашуун электрондук визаны жасалмалоого катышкан чет элдик жаранды кармады.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, Пакистандын жараны М.Т.К. мыйзамсыз киреше табуу максатында  Пакистандын башка жарандарына жасалма виза жасоо схемасын уюштурган.

М.Т.К.  — Пакистандын дагы бир жараны М.А.га  эки электрондук визаны (2 айлык мөөнөткө) 150 АКШ долларына тариздөөнү, ошондой эле бирдик үчүн 1700 АКШ доллары,жалпы суммасы 6800 долларга кошумча төрт жылдык визаны тариздөөнү сунуштаган. М.Т.К.нын талабы боюнча аванс катары ага 4400 сом которулган.

22-апрелде М.Т.К. 87 400 сом өлчөмүндө сумманын бир бөлүгүн алган учурда  кармалды.

Маалыматта айтылгандай, М.Т.К. өздөрүнүн шериктери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына келген мекендештери үчүн 100дөн ашык жасалма электрондук виза даярдашкан.

23-апрелде жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык М.Т.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты