Кыргызстанга кирүү үчүн эмдөөдөн өткөн жарандардан ПЧР–тест талап кылынбайт

  • 2 года мурун

11-февралдан тарта Кыргызстанга кирүү үчүн коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардан ПЧР-тесттин анализинин жыйынтыгы талап кылынбайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан ары Кыргызстанга кирген учурда жарандар ПЧР-тест тууралуу маалымдаманы, же эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек.

Кыргызстан былтыр 1-декабрда өлкөгө киргендердин бардыгын эмделгенине карабай ПЧР-тесттен өтүүгө милдеттендирген. Мындай чектөөлөр коронавирустун “омикрон” штаммынын жайылышына байланыштуу киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты