Кыргызстанга Казакстандан 247 вагон көмүр келет

  • 2 года мурун

Казакстандын «Шабыркөл» көмүр кенинен ташылган көмүрдүн көлөмүн көбөйтүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган келишимдин негизинде импортчу компания Бишкек шаары жана Чүй облусуна ташылып келген көмүрдүн көлөмүн көбөйтүүгө милдеттендирилет. Мындан тышкары көмүр сатылчу базалар дем алышсыз 24 саат бою иштейт. Ал эми көмүрдүн баасы тоннасына 4 600 сомдон ашпашы керек.

«Келишимдин негизинде «Шабыркөл» разрезинен жакынкы аралыкта Кыргызстанга 247 вагон көмүр келет», — деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары «Шабыркөл» көмүрүн төмөндөгү базалардан ала алышат:

  • Шопоков шаары — «Берекет» ЖАКы;
  • Кайыңды — Октябрдын 60 жылдыгы көчөсү, 7;
  • Бишкек — Мурманск көчөсү, 1а;
  • Токмок — Жантаев көчөсү, 23;
  • Кант — Логвиненко көчөсү, 13.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты