Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар кореялык компаниялардын ишкер кеңеши түзүлдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 13-июлда. Сеул шаарында кыргыз жана кореялык алдынкы компаниялардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-корея бизнес-форум болуп өттү. Кыргыз-корея бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасына инвестиция салууга кызыкдар кореялык компаниялардын ишкерлер кеңеши түзүлдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана туристтик потенциалы тууралуу презентация жасады. 

Бизнес-форумга Корея Республикасынын тышкы иштер министрлигинин, түштүк кореялык  KT Construction, Omnisystem, Smartro, BC card, KOMSCO, Hana tour ж.б. сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандан келген бир катар компаниялар катышты.

Кыргыз-корея бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасына инвестиция салууга кызыкдар кореялык компаниялардын ишкерлер кеңеши түзүлдү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты