Кыргызстанга бодо мал жана башка товарларды уруксатсыз ташып келе жаткандар кармалды

  • 3 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы 405 баш бодо малды жана башка товарларды уруксатсыз алып кирүү аракетин токтотту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек аранын кыргыз-казак участогундагы товарларды каттоо пункттарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден бир катар товарларды ташып келүүдө мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

“Ак-Тилек” каттоо пунктунан 405 баш бодо малды, 95 баш жылкыны, 240 метр куб жыгачты ташып келе жаткан жүк ташуучу машиналар кармалган. “Чалдыбар” товарларды каттоо пунктунан 3 тонна кургатылган мөмө-жемиш, 3 тонна бадыраң жана 80 метр куб жыгачты, “Ак-Жол” товарларды каттоо пунктунан 3 даана медициналык жабдууларды алып өтүүгө аракет кылышкан.

Алардын баарында товарларды ташып келүүгө уруксат документтери болгон эмес. Мыйзам бузуу боюнча материалдар мыйзамга ылайык мындан ары чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Евразия Экономикалык Биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин, 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты