Кыргызстанга биринчи жарым жылдыкта 2,6 миллион чет өлкөлүк жаран келди

  • 2 года мурун

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын чек арасынан өткөн чет өлкөлүк жарандардын саны 2,6 миллионду түздү.

Бул көрсөткүч 2021- жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге көп болгонун Улуттук статистика комитети  чек ара кызматынын маалыматына таянып кабарлады.

 КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын чек араны  кесип өтүүлөрүнүн үлүшүнө  2,5(98%) миллиону туура келип,  эң көп  Өзбекстандын, Казакстандын жана Орусиянын жарандары катталды.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардын саны 74 миңден ашып, өткөн жылдын  биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,8 эсеге өстү. Чек араны кесип өтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү Түркия, Германия, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Аравиянын жарандарына туура келди.

2022 жылдын январь- июнунда туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк алдын-ала баалоо боюнча, ички дүң продукцияга (ИДП) карата 3,1 %ды  түздү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты