Кыргызстанга 200 миң доза “Спутник Лайт” вакцинасы келди

  • 2 года мурун

Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы Орусиянын “Спутник Лайт” вакцинасынын 200 миң дозасы алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүк 12-ноябрда “Манас” эл аралык аэропортунан кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы Орусия COVID-19 менен күрөшүүдө жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанга 1,2 миллион доллардан ашык каражат бөлгөнүн билдирген.

“Спутник Лайт” — коронавируска каршы Орусияда өндүрүлүп жаткан “Sputnik V” вакцинасынын жеңилдетилген түрү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты