Кыргызстандын жана Түркиянын акыйкатчылары адам укуктарын коргоо жаатында кызматташат   

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 4-сентябрда, Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Жамийла Жаманбаева жана Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч адам укуктарын коргоо жаатында кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документте Кыргызстан менен Түркиянын Акыйкатчы институттарынын ортосунда адам укуктарын коргоо боюнча жалпы принциптер жана эл аралык нормаларга ылайык биргелешкен иш-аракеттер каралган.

Акыйкатчылар Түркиядагы Кыргызстандын жана Кыргызстандагы Түркиянын жарандарынын укуктары жана эркиндиктери бузулган белгилүү учурлар жөнүндө өз маалында бири-бирине эскертүү берүүнү макулдашты.

Эки өлкөнүн акыйкатчылары аталган документ Кыргызстандын жана Түркиянын жарандарынын укуктарын сактоону камсыздоо боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенишет.

Кыргызстандын жана Түркиянын акыйкатчылары адам укуктарын коргоо жаатында кызматташат   

Сүрөттөр: Меморандумга кол коюу учурунан жана андан кийин. «ПолитКлиника».      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты