Кыргызстандын төрагалыгы алдында КМШ Экономикалык кеңешинин 1-отуруму өттү

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин биринчи отуруму 18-мартта өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМШга мүчө-мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Кеңештин жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдерге кол коюлду:

Анын ичинде радиациялык кырдаал боюнча мониторингдин маалыматтарын алмашуу, “Радионавигация” мамлекеттер аралык кеңешинин ишмердүүлүгү,  жөнүндө, КМШда товарлардын чыгарылган өлкөнъ аныктоо эрежелери жөнүндө,   КМШда жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча биргелешкен иштердин Перспективдүү планын ишке ашыруу жөнүндө жана башка маселелер каралды.

Сүрөт: МинКаб. басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты