«Борбор Азия-Россия» саммити өтөт. Садыр Жапаров Тажикстанга барды
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Тажикстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымдалды.
Душанбе шаарынын эл аралык аэропортун Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчы «Борбор Азия – Россия» экинчи саммитине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Ошондой эле КМШ мейкиндигинде жана «Борбор Азия – Россия» форматында практикалык өз ара аракеттенүүгө кошумча түрткү берүүгө багытталган бир катар биргелешкен документтерди кароо жана кабыл алуу күтүлүүдө.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




