Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

  • 2 месяца мурун

Россиянын президенти Владимир Путин 25–26–27-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Маалыматта айтылгандай, сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле Евразия экономикалык биримдиги ЕАЭБ, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат.

Соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана соода-экономикалык, каржылык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Сүрөт: riamediabank.ru

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты