Кыргызстандын өндүрүшүнө эмгек сиңирген Жарасул Абдураимов дүйнөдөн өттү
- 1 месяц мурун
2025-жылдын 6-октябрында 65 жаш курагында Кыргызстандын өндүрүш тармагына эмгеги сиңген Жарасул Абдураимов узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.
Жарасул Абдураимов 1960-жылы Ош облусунун Гүлчө айылында туулган. 1978-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа айылында орто мектепти аяктаган.
1979-1984-жылдары Россиянын Екатеринбург шаарындагы Урал политехника институтун аяктаган.
1984-1985-жылдары Фрунзе шаарындагы атайын конструктордук бюродо инженер болуп иштеген.
1984-1996—жылдар “Дастан” корпорациясында конструктордон компаниянын президенттик кызматына чейин жеткен.
2020-жылы президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, 2022-жылы “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун төрагасы, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы кызматтарында эмгектенген.
Үй-бүлөлүү, жубайы менен эки кыз жана уулду тарбиялаган.
«ПолитКлиника» медиасы Жарасул Абдураимовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, агасы- физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиевге терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Сүрөттө: Жарасул Абдураимов. Интернет булактарынан




