Кыргызстандын мектептеринде “акыркы коңгуроо” кагылды
- 2 месяца мурун
- Фоторепортаж
Бүгүн, 26-майда, Кыргызстандын мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы өттү. Быйылкы 2024-205-окуу жылында республиканын мектептеринин 9-классын 135 681 окуучу, 11-классын 80 348 окуучу аяктап жатат.
Бул тууралуу агартуу министрлиги билдирди.
Бишкек шаарындагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттагы “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова катышты.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылындагы Мурзабеков атындагы мектепте жана Мендебаев атындагы мектепте, ошондой эле аталган районунун Оргочор айылындагы Тынаев атындагы мектепте өткөн салтанаттуу иш-чараларга катышып, мугалимдерди, окуучуларды жана алардын ата-энелерин 2024-2025-окуу жылынын аякташы менен жылуу маанайда куттуктады.

Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 орто мектепте да болуп өттү. Иш-чарага агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева катышты.

Сүрөттөр: Агартуу министрлиги
Баш сүрөт: Социалдык тармактан