Кыргызстандын медиа өкүлчүлүгү сөз эркиндигин сактап калуу үчүн эл аралык уюмдарга кайрылуу жасады

  • 2 года мурун

Бүгүн, 9-декабрда, “Кыргызстандын ЖМК тилектештиги: Кыргызстандын медиа секторун сактап калуу” аттуу онлайн-телекөпүрө өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын медиа өкүлчүлүгү сөз эркиндигин сактап калууда жардам берүү өтүнүчү менен президентке жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жасады.

Кайрылууда журналисттер бүгүнкү күндө өлкөдө демократиялык принцип жана баалуулуктардан артка кетүү, бийлик тарабынан сөз эркиндигине кысым болуп жатканы белгиленди. ЖМКка каршы мыйзамдар кабыл алынып, журналисттерди негизсиз кармоо, өлкөдөн чыгарып жиберүү фактылары, сайттарды бөгөттөө, редакцияларга, журналисттерге коркутуулар болуп жатканы тууралуу сөз болду.  

“Биз Кыргызстандын президентине, эл аралык уюмдарга, Кыргызстанда сөз эркиндигине укукту, пикирлердин ар түрдүүлүгүн сактап калууга жардам сурап кайрылабыз” деп айтылат кайрылууда.

Петицияга Казакстан, Өзбекстан, Литва, Молдованын эркин медиалары кошулду жана өз өлкөлөрүндөгү көз карандысыз ЖМКга карата чабуул тууралуу сөз козголду.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты