Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6,3 млрд доллардан ашты
- 4 месяца мурун
Ушул жылдын 31-майына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 347,58 млн долларды түздү.
Бул тууралуу финансы министрлиги жазды.
Маалыматта айтылгандай, өлкөнүн тышкы карызы 4 миллиард 540,84 миллион долларды, ал эми ички карызы 1 миллиард 806,74 миллион долларды түзөт.
2024-жылдын 31-январына карата мамлекеттик карыз ички карыздын эсебинен 77 миллион долларга өскөн.
“Ички карыздын олуттуу бөлүгүн узак мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча кредиттер түзөт – 1 млрд 790 млн доллар (99,1%).
Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – 1 млрд 661,21 доллар (36,6%)” деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү