Кыргызстандын калдык сактоочу жайларын рекультивациялоого “Росатом” 2,2 миллиард рубль бөлөт

  • 1 год мурун

«Росатом» корпорациясы Кыргызстанга беш калдык сактоочу жайды рекультивациялоого 2,2 миллиард рубль бөлүүнү пландаштырууда.

Бул тууралуу бүгүн журналисттерге өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Биринчи этапта Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы жана Нарын облусунун Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо аяктайт.

«Бул багытта мындан ары да иштерди жүргүзүү пландаштырылууда. Азыр Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо пландаштырылууда» деди Азамат Мамбетов.

ӨКМдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 92 уулуу жана радиоактивдүү заттар көмүлгөн. Алардын 36сы Майлуу-Суу шаарында жайгашкан. Мында 23 калдык сактоочу жай уран элементтерин камтыйт, ал эми калган калдыктарга бир катар радиоактивдүү тектердин калдыктары, оор металлдар жана цианид көмүлгөн. Уулуу жана коркунучтуу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты