Кыргызстандын ички каттамдарында санарип ID паспорт менен учууга болот

Кыргызстандын ички каттамдарында мындан ары санарип ID паспорт менен учууга болот.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту Фейсбук баракчасында билдирди.     

“Эл аралык “Манас” аэропортунун ички каттамдарынын жүргүнчүлөрү Tunduk тиркемеси аркылуу санарип ID паспорт көрсөтүп, көйгөйсүз уча алат. Эгер паспортуңузду унутуп калсаңыз, кабатыр болбоңуз, сизге Tunduk тиркемеси жардам берет. Google Play жана App Store дон  Tunduk тиркемесин сактап алгыла” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропортунун видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты