Кыргызстандын эгемендик күнүндөгү негизги салтанат Ошто өттү

  • 8 месяцев мурун

Быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдык мааракеси Ош шаарында белгиленди. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик, коомдук, саясий, жана маданий ишмерлер катышты.

Салтанаттын алкагында «Сулайман тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туу көтөрүү аземи өттү. Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги ачылды.

Ош улуттук драма театрында «Ош — достук шаары» фестивалы болуп, түштөн кийин Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдештин финалы өтөт.

Кечинде шаардын борбордук аянтында өлкө эгемендигинин 32 жылдыгына жана маркум Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган концерт уюштурулат.

Былтыр эгемендик күнүндөгү негизги салтанант Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чуңкурчак жайлоосунда өткөн жана анда Байтик баатырдын 200 жылдыгы кошо белгиленген.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты