Кыргызстандын Борбор Азияда электрондук коммерция борбору болуу мүмкүнчүлүгү бар

  • 6 месяцев мурун

22-октябрда Бишкекте E-Commerce EXPO- 2023 аттуу электрондук коммерция форуму болуп өттү.

Иш-чараны Кыргызстандын “Электрондук коммерция ассоциациясы”, Экономика жана коммерция министрлиги санарип төлөм индустриясынын дүйнөлүк лидери Visa компаниясы жана ПРООНдун “Борбор Азиядагы соодага көмөк” долбоорунун көмөгү менен ишке ашырды. Долбоорду Финляндия өкмөтү каржылайт.

Иш-чаранын ачылышында сүйлөп жатып, Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев  инновациялык логистика борборлорун өнүктүрсө, Кыргызстан Борбор Азияда логистика жана электрондук коммерция борбору болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин билдирди.  

“Биз өлкөнү Борбор Азиядагы санарип борбор катары көрсөтүүгө аракет жасап жатабыз, ал эми саясат жана жөнгө салуу жагынан биз бир катар ийгиликтерге жетиштик” деп билдирди министрдин орун басары.

Электрондук коммерция санарип экономиканын өнүүгүшүнө өбөлгө болорун министрдин орун басары белгиледи.  

2023-жылдын янваоь-август айларында Кыргыз Республикасынын Вайлдберриз соода аянтчасынан товар ташыгандардын саны 5275ке жетти, ал эми жеке ишкерлердин саны 4 882ге, юридикадык жактардын саны 393кө жетти.  Ал эми сатылан товарлардын саны 2023-жылдын январь-август айларында 2 885 627 даананы түздү. 2023 жылдагы экспорт – 2,6 млрд. сомго (2,8 млрд. ₽) болду. Ал эми активдүү сатуучулар 11 890 адам болду.

Сүрөт: Экономика жана коммерция министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты