Кыргызстандын аскерлери Алматыда ЖЭБ-2ни кайтарып жатат

  • 2 года мурун

Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрүнүн миссиясынын алкагында барган кыргызстандык жоокерлер Алматы шаарындагы стратегиялык объектилердин бири болгон Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги кабарлады.

Уюмдун бейпилдик күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери 7-январда Алматыга жеткирилген.

ЖККУнун атынан Казакстанга жөнөтүлгөн күчтөрдүн командири Андрей Сердюков уюмдун аскерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди «көзөмөлдөп» жатканын билдирген. Ошондой эле алар Казакстандагы кырдаал толук жөнгө салынганча болорун айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты