Кыргызстандын алкоголдук ичимдиктери Өзбекстан рыногуна чыгат  

  • 3 месяца мурун

Кыргызстандан жогорку сапаттагы алкоголдук ичимдиктердин кеңири ассортиментин Өзбекстанга алып келүү боюнча алдын ала келишимге кол коюлду.

Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, шарап, коньяк, арак жана суусундуктар, уникалдуу даам профилдери менен ар бир продукт өзбек керектөөчүлөрүнүн жүрөгүн багындырууга даяр.

“Биз «KREDO BEST MChJ» компаниясы менен кызматташууну баштоого жана кыргыз алкоголдук продукциясын өзбек керектөөчүлөрүнө сунуштоого кубанычтабыз. Биздин суусундуктардын сапаты жана жагымдуу баасы менен жүрөктөрдү багындырарына ишенебиз» белгиледи Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков.

Бул макулдашуу – эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам жана кыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Сүрөт: Экономика жана коммерция министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты