Кыргызстандыктардын Түркияга чогулткан акчасы 70 млн ашык сом жана 15 миңден ашык рубль болду
- 3 months мурун
2023-жылдын 27-январына саат 10.00 го жер титирөөлөр үчүн ачылган Түркиянын жарандарына атайын каттоо эсеби 70 млн 837 808,29 сом жана 15 250 рубль менен толукталды.
Бл тууралуу финансы министрлиги билдирди.
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинде атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 – “Учурдагы жардам”;
Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.