Кыргызстандыктардын алгачкы тобу ажылыкка аттанды  

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 12-июнда,  «Манас» эл аралык аэропортунда кыргызстаныктардын алгачкы тобу ыйык ажылык сапарга аттанып кетти.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтияты билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ажылыкка аттангандарды узатууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев, Сауд Араб Королдугунун Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Рооди аль Рооди, ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын төрагасы Самидин кары жана КМДБнын ажылык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган муфтият кызматкерлери катышты.

Ажылыкка бул жылы 10 каттам аткарылса, анын 7 каттамы Ош эл аралык аэропортунан жүзөгө ашырылат. Башкача айтканда, 2 миңдей адам Бишкек шаарынан учса, калганы Ош шаарынан аттанат.

Бүгүн, 12-июнда башталган авиасапарлар 21-июнь күнү Ош эл аралык эропортунда жыйынтыкталат. Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн. Быйылкы ажылыктын наркы 3900 АКШ долларын түзгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты