Кыргызстандык мугалим эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи

  • 2 года мурун

Алматы шаарында математика, физика жана информатика мугалимдеринин VIII эл аралык конкурсу 4-5-декабрда  өттү.

Бул олимпиадага 220дан ашуун математика мугалими, 70тен ашуун физика мугалими, 50дөн ашуун информатика мугалими катышты. «Газпром Кыргызстан» мектебинин мугалими Медер Осмонов аталган олимпиадага катышып, биринчи орунду ээледи.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кыхматы билдирди.  

Кыргызстандан олимпиадага математика боюнча калыстар тобунун мүчөсү катарында «Газпром Кыргызстан» мектебинин математика мугалими Мамат Ишматов да чакырылган. Ал бул олимпиадага 2019-жылы катышып, 108 катышуучунун арасынан математика боюнча I орунду багындырган.  

Сүрөттө: Медер Осмонов. Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты