Кыргызстандык үй-бүлө Орусияда жол кырсыгына кабылды

  • 2 года мурун

Кыргызстандык үй-бүлө Орусияда жол кырсыгына кабылды.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 7-сентябрда Челябинск облусунун Златоуст шаарынын аймагындагы трассада болгон. Кыргызстандык айдап бараткан жеңил машине каршы тилкеге чыгып кетип, оор жүк ташуучу машине менен сүзүшкөн. Жеңил машинада бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү бара жаткан, ата-эне жана төрт баласы.

Жеңил машиненин айдоочусу Уфа шаарынын аэропортунан Оштон учуп барган жубайын жана төрт баласын тосуп алып, Нижневартовск шаарына бараткан.

Алар Златоуст шаарынын ооруканасына жаткырылды. 12 жаштагы кызга операция жасалды. Кыздын абалы оор экени, үй-бүлөнүн калган мүчөлөрүнүн абалы канаттандырарлык экени белгиленди.

Сүрөт: Златоуст шаарындагы жол кырсыгы. UPA.RU

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты