Кыргызстандык балбандар Ислам Шериктештиги оюндарында алтын медалга ээ болушту
- 5 месяцев мурун
Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын балбандары төрт алтын жана үч коло медаль алууга жетишти.
20-ноябрда кыргызстандык балбан кыздар Айпери Медет кызы 76 кг салмакта, Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта алтын медалга жетишти.
Ага чейин 77 кг салмакта Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча жана 57 кг салмакта Абдумалик Карачов алтын медаль, 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев жана 87 кг салмакта Асан Жанышов, 65 кг салмакта Билол Шарип уулу коло медаль алышты.
Мелдеш 7-21-ноябрда Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өттү.
Сүрөттө: Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




