Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медаль утту
- 1 год мурун
Иорданияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Айпери Медет кызы 76 кг салмакта кыз-келиндер күрөшүнөн алтын медаль утту.
Медет кызы Финалдык беттеште индиялык атаандашын 7:6 эсебинде утту.
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 76 кг салмакта чейрек финалдан баштап күрөштү. Алгачкы атаандашы кытайлык атаандашын 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты. Жарым финалда Айпери Медет кызы Түндүк Кореядан келген Ми Хьянг Ким менен беттешти. Ал атаандашын жеңип, финалга жолдомо алды. Финалдык беттеште акыркы 30 секундда төрт балл алып, алтын утту.
Айпери Медет кызы Азиянын үч жолку чемпиону болду.
Сүрөт: UWW
Муну бөлүшүү




