Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн 166 кыргызстандык кайтты
- 1 месяц мурун
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн мекендештерди алып келүүнүн экинчи этабы башталды.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.
Катардын Доха шаарында круиздик лайнерден чыгарылган Кыргызстандын 166 жараны мекенине кайтарылды. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, Катарда круиздик лайнерде калып калган кыргыз жарандары коопсуз коридор аркылуу Сауд Аравияга автобустар менен жеткирилген.
Эр-Рияд — Бишкек багыты боюнча атайын авиакаттам көздөгөн багытына карай учуп чыкты.
Кыргыз Республикасынын166 жараны алынып келинди. Министрлик аларды тосуп алуу жана андан аркы жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чараларды толук координациялоону улантууда.
Сүрөт: ТИМ
Муну бөлүшүү




