Кыргызстандан Орусияга темир жол каттамдары жанданат

  • 2 года мурун

21-февралдан тартып Казакстан аркылуу Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган туруктуу темир жол каттамдары жүрө баштайт.

Бул тууралуу 16-февралда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунда кабыл алынды.

Аталган поезд каттамдарынын жүргүнчүлөрүнөн коронавирус жок экенин ырастаган акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган тесттин жыйынтыктары же «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесине киргизилген эмделгендиги тууралуу сертификат талап кылынат.

Кыргызстан коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында өлкө ичиндеги жана эл аралык темир жол каттамдарын убактылуу токтоткон. 2020-жылдын аягында Кыргызстандын ичиндеги темир жол каттамдары кайрадан аткарыла баштаган.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты