Кыргызстандан малды ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

  • 9 месяцев мурун

Министрлер кабинети айыл чарба жаныбарларын – ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу, алты айлык мөөнөткө тыюу салуу токтомун кабыл алды. 

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Мындай чечим, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды.  

Кыргыз Республикасы аркылуу транзит; мелдештерге катышуу үчүн спорт жылкылары; чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же айрым адамдарга белекке берилүүчү жылкылар кошулбайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты