Кыргызстандан көмүрдү ташып чыгарууга убактылуу тыюу салынды
- 1 неделя мурун
Министрлер кабинети көмүрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салды.
Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, өлкөнүн көмүрү автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) жарым жылдык мөөнөткө экспорттолбойт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Толук маалымат менен төмөндөгү шилтеме аркылуу таанышууга болот.
Муну бөлүшүү




