Кыргызстанда жыл башынан бери керектөө баалары менен тарифтер дээрлик 7% өстү

  • 5 месяцев мурун

Кыргызстанда 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 2023-жылдын январь-ноябрь айларында керектөө баалары менен тарифтер 6,9% өстү. Бул тууралуу 12-декабрда Улуттук статистика комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул аралыкта өлкөдө азык-түлүк эмес товарлардын баасы 11,9%, алкоголдук ичимдиктер менен тамекиники 10,7% өссө, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 8,9% жогорулаган. Республика боюнча керектөө баалары менен тарифтердин максималдуу өсүүсү Нарын облусунда жана Ош облусунда катталган.

Октябрда Улуттук статистика комитети өткөн жылга салыштырмалуу быйыл январь-сентябрь айларында азык-түлүк баалары менен кызмат көрсөтүү тарифтери 5,7% өскөнүн билдирген. Анда да алкоголдук ичимдиктердин, тамекинин жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары эң көп жогорулаганы белгиленген.

Кийинчерээк Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен Казакстанда керектөө баалары эң көп жогорулагынын билдирген. Ага ылайык, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында азык-түлүк Кыргызстанда 3,9%, Казакстанда 6,2% өскөн.

31-октябрда Улуттук банк Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 9,2% жеткенин, жыл башынан бери баалар 6,7% өскөнүн маалымдаган. Анда каржы мекемеси азык-түлүк баасынын өсүүсү жайлап, «кызматтар менен азык-түлүк эмес товарлардын баалары мурунку деңгээлде калып жатканын» билдирген.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда инфляциянын көлөмү 14,7% түзгөн. Улуттук банк 2023-жылдын жыйынтыгында инфляция 10-12% түзөт деп болжолдогон.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты