Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-ноябрь саат 20:00дө өлкө аймагында жана чет өлкөлөрдөгү айрым шайлоо тилкелеринде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады.

Саат 18:00гө карата бирдиктүү округ боюнча 1 млн 50 миң 163 жаран добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 28,36 пайызын түзөт. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 1 млн 37 миң 373 шайлоочу (28,66%) добуш берди.

Чет өлкөлөрдө каттоодон өткөн 84 миң 128 жарандын ичинен 6 миң 609 (7,86%) адам өз тандоосун жасады.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бул жолу адаттагыдан айырмаланып, аралаш система боюнча өтүп жатат. Пропорционалдык система боюнча 21 партиядан 1004 талапкер, мажоритардык система боючна 282 талапкер ат салышууда.

Сүрөт: ПолитКлиника/Элиза Муратбек кызы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты