Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөт

  • 7 месяцев мурун

9-13-октябрь күндөрү Балыкчыдагы «Эдельвейс» аскердик машыгуу базасында Жамааттык коопсуздук боюнча келишими Уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн «Бузулгус боордоштук-2023» машыгуусу өтөт. Бул тууралуу Башкы штаб кабарлады.

Машыгуу «Тынчтыкты сактоочу операцияны даярдоо жана жүргүзүү» деп аталып, өздүк курамдардын тажрыйбасын өркүндөтүүнү көздөйт.

ЖККУнун буга чейинки аскердик машыгуусу сентябрдын башында Беларуста өткөн.

Кыргызстан уюмдун былтыр күзүндө Тажикстанда өткөн аскердик машыгууларына катышкан эмес. Ошондой эле аскердик машыгууларды өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. Буга былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу негиз болгону кабарланган.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна — Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты