Балыкчы шаарында жеке нотариус кармалды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында К.Ж.З. инициалындагы жеке нотариус кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, К.Ж.З. атайылап, өз пайдасын көздөп, мыйзамсыз баюу жана мүлктүк пайда алуу максатында кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин мыйзамсыз түрдө жол-жоболоштурган. Мында көрсөтүлгөн документтерде тараптардын кол тамгалары жасалмаланганы аныкталды.

Бүтүмдөр мүлктүн мыйзамдуу ээсинин кабары жок жана анын катышуусусуз түзүлгөн. Жеке нотариустун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында жабырлануучу мүлккө болгон менчик укугунан ажыратылган.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты