Келишим шарттарын аткарбагандыгы үчүн Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолун салган уюмдун негиздөөчүсү кармалды
- 4 недели мурун
Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолун салуу мөөнөтүн жана ченемдерин одоно бузгандыгы үчүн «К.Ж.К.» подряддык уюмунун негиздөөчүсү И.М.И. кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан «Балыкчы — Бөкөнбаев-Каракол» авто жолунун курулушунун үч участогу боюнча текшерүүдө «Кыргыз жол курулуш» компаниясы тарабынан келишимдин шарттары аткарылбагандыгы, курулуш иштеринин мөөнөттөрүн жана техникалык ченемдерин бузгандыгы, республикалык маанидеги автожолдун өз убагында бүткөрүлбөй калышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, коммерциялык уюмдун кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, «Кыргыз жол журулуш» жана «ИС-Саби Холдинг» ЖЧКларынын негиздөөчүсү И.М.И. кармалып, Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Сүрөт: УКМК




