Кыргызстанда жер титиреди

  • 1 месяц мурун

Кечээ, 2-ноябрда, Кыргызстанда очогунда 3 баллга жакын болгон жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.

Жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоолорунда, Кашка-Суу айылынын түндүк-батышынан 16 чакырым, Кара-Кабак айлынынын түндүк-батышынан 17 чакырым, Кара-Өтөк айылынын түштүк-чыгышынан 35 чакырым, Ош шаарынын түштүк-батышынан 85 чакырым алыс аймакта болгон.    

Жер титирөөнүн күчү Кашка-Суу, Кара-Кабак айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты