Кыргызстанда жер титиреди
- 4 месяца мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 30-декабрь күнү саат 10:30да Кыргызстанда очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында, Чоң-Алай районунун Тунук айылында, Баткен облусунун Баткен районунун Кан айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү