“Кыргызстанда жасалган” улуттук бренд жакынкы эле эмес, алыскы чет өлкөлөрдө да белгилүү. Куттуктоо   

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы — жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. 

Ушу тапта өлкөбүздө жеңил өнөр жай тармагы кайра иштетүү өнөр жайындагы жумушчу орундардын саны боюнча алдыңкы орунду ээлөө менен мамлекеттин социалдык маселелерин чечүүгө чоң салым кошууда. Бул тармактагы сапаттуу иш алып баруунун жана жогорку квалификациялуу адистердин ишмердигинин аркасында биз ата мекендик өндүрүштүн сапаттуу өнүмдөрүн сатып алууга мүмкүнчүлүк алдык. Биздин “Кыргызстанда жасалган” улуттук брендибиз жакынкы эле эмес, алыскы чет өлкөлөрдө да белгилүү” деп айтылат куттуктоодо.   

Ошону менен бирге жеңил өнөр жай ишкерлеринен өндүрүштө санариптик технологияларды колдонууну, технологиялык процесстердин экологиялык коопсуздугун сактоону, ресурстарды үнөмдөөнү жана мамлекеттин экономикалык, стратегиялык коопсуздугун жогорулатууну күтөт. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты