Кыргызстанда УКМКнын Академиясын куруу пландалууда

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды сапаттуу даярдоону жана билим берүү процессин жакшыртуу максатында УКМКнын Академиясын куруу боюнча уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер каралып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) алдындагы 64479-аскер бөлүгүнүн 50 жылдык мааракесине жана Күжүрмөн туу тапшыруу аземине катышты.

Аталган иш-чаранын алкагында мамлекет башчысы Ашырбек Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун жаңы имараты менен таанышты.

Маалыматта аталган окуу жайдын базасында УКМКнын Академиясын куруу боюнча маселелер каралып жатканы айтылат.

Аталган институт 2011-жылы түзүлгөн. Учурда анын базасында УКМКнын билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты